Тажикстанга Лейлек районундагы эмес, Баткен районундагы Достук айылы алмашылган - Орунбеков

Саясат 27 Февраль 2025 13:30
481711370_9261643117249380_6691944090234204000_n (1).jpg
378594860_657075948.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
481711370_9261643117249380_6691944090234204000_n (1).jpg
378594860_657075948.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Тажикстанга Лейлек районундагы эмес, Баткен районундагы Достук айылы алмашылган. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Айрымдар чек ара боюнча алмашылган Достук айылы тууралуу так эмес маалымат таратып, аны Лейлек районуна караштуу Достук айылы менен алмаштырып жатышат.

Бул Баткен районундагы Достук айылы жөнүндө сөз болуп жатат. Мурунку аты – Суу боюндагы Карабак. Айылдын жалпы аянты 35 гектар жана ал чакан айыл болуп эсептелет. Лейлек районундагы Достук айылына эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз»,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы «Достук айылын толугу менен Тажикстанга бердик. Анкени ал биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Айылдан бизге стратегиялык же экономикалык пайда жок. 91 гектардын ордуна 91 гектар жер алдык деп айткан.