Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

2178 12 Март 2025 18:00
DOS_1386.jpg
DOS_1384.jpg
DOS_1674.jpg
DOS_1673.jpg
DOS_1636.jpg
DOS_1555.jpg
DOS_1461.jpg
DOS_1460.jpg
DOS_1385.jpg
DOS_1372.jpg
DOS_1370.jpg
Алдыга
Артка
DOS_1386.jpg
DOS_1384.jpg
DOS_1674.jpg
DOS_1673.jpg
DOS_1636.jpg
DOS_1555.jpg
DOS_1461.jpg
DOS_1460.jpg
DOS_1385.jpg
DOS_1372.jpg
DOS_1370.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди.

Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту.

Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 13-мартта, өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.