Тажикстан “ORIZ” улуттук мессенжерин ишке киргизди

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 17:35
WhatsApp Image 2025-11-12 at 16.50.51.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. “Тажиктелеком” ААК тарабынан иштелип чыккан “ORIZ” улуттук мессенжер расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, тиркеме Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматынын демилгеси менен ишке ашып, жарандарга, чет өлкөдөгү мекендештерге жана жалпы интернет колдонуучуларга коопсуз, сапаттуу жана ыңгайлуу байланыш мүмкүнчүлүгүн түзүү максатын көздөйт.

Анын негизги максаты – ишенимдүү жана толугу менен жергиликтүү санариптик чөйрөнү түзүү.

Мессенджерин башкы артыкчылыктарынын бири – ал интернеттин ылдамдыгы төмөн шарттарда да эффективдүү иштейт. Себеби, анын дата борбору өлкө ичинде жайгашкан. Бул колдонуучуларга байланыш начар шарттарда да билдирүү жөнөтүүгө, чалуу жана видеоконференцияларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, акыркы жылдары дүйнөдө чет элдик платформаларга кирүү чектелген учурлар көп катталып, көптөгөн тажик мигранттары үй-бүлөлөрү менен байланышта кыйынчылыктарга туш болгон.

Бул тажрыйба маалыматтык коопсуздук жана социалдык байланыштар үчүн чет элдик тармактарга болгон көз карандылык коркунуч жаратары белгиленген.