“Тазалык” Бишкектин жолдорун тазалап жетишип жатабы? Мэрдин жообу

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 14:05
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Узап кеткен жуманын аягында Бишкекте абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаады. Шаар тургундары жолдордун тазаланбай жатканы боюнча соцтармактарда сын-пикирлерин айтышкан. Ал арада “Кабар” агенттигине мэр Айбек Жунушалиев карды тазалоо иштерине “Тазалык” ишканасы жетишкенин белгиледи.

WhatsApp Image 2026-01-19 at 14.13.25
“Бул ирет жолдорду тазалоого “Тазалык” ишканасынын бардык техникалары чыкты. Биз жолдорду тазалоого жетишип жаттык. Ишемби күнү соцтармактарда көп учурда техникалар келбей жатат деген сын-пикирлер тарап жатты. Тазалоо иштеринин да өзүнүн ыкмалары бар. Биринчи кар жааганда туз себилип, кар ээриш үчүн бир аз турушу шарт. Андан соң гана техникалар карды тазалашат. Жолду ээритпей удаа-удаа тазалай берсек, анда карды ныктап алабыз. Ишканага алынган техникалар жетишсиз. Дагы жаңы техникаларды алуу керек”, - деди ал.