Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Татарстандын Мамлекеттик Кеңешинин депутаттары бүгүнкү жыйында жашы жете электерге бензин сатууга чектөө киргизген мыйзамга кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Маалыматка караганда, мыйзамдын максаты – балдардын жол-транспорттук кырсыктарга кабылышын кыскартуу жана коомдук жолдордо мопед, квадроцикл, пит-байк жана башка мототранспорт каражаттарын башкарган өспүрүмдөрдүн жол кырсыгынан көз жумуусун алдын алуу.
Жаңы жобого ылайык, 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө бензин сатууга тыюу салынат.
Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Светлана Захарованын айтымында, мыйзамды бузгандар үчүн административдик жоопкерчилик каралган. Айып пулдун көлөмү төмөндөгүчө болот:
- Жарандар үчүн – 3 миңден 5 миң рублга чейин,
- Кызмат адамдары үчүн – 30 миңден 50 миң рублга чейин,
- Юридикалык жактар үчүн – 100 миңден 150 миң рублга чейин.
Захарова белгилегендей, мындай чаралар коомдук жолдордо пайдаланууга арналбаган транспорт каражаттарын айдаган балдардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынууда. Алардын көпчүлүгүндө жол кыймылынын коопсуздугу боюнча билими жок, же эрежелерди атайылап бузуп жатышат.
Май куюучу жайлар бул маселеге байланыштуу парламентке бир нече жолу кайрылган, бирок буга чейин ал мыйзам менен жөнгө салынган эмес.
Татарстандын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына ылайык, 2024-жылы жашы жете электер катышкан жол кырсыктарынын саны 2023-жылга салыштырмалуу 40%га өскөн.
Каза тапкандардын саны үч эсеге жогорулаган. 2023-жылы бир гана бала каза болсо, 2024-жылы үч бала көз жумган. 2025-жылдын 25-июнуна карата 16 жашка чейинки балдардын катышуусунда 15 жол кырсыгы катталган.