Таштандыдан электр өндүрүүчү завод Ош, Балыкчы, Каракол шаарларында да курулат - өлкө башчысы

Президент Загрузка... 27 Декабрь 2025 19:00
WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.18.50 (3).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.12.25 /Кабар. Таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү завод Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында да курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган заводдун ачылышын жасап жатып билдирди.

“Урматтуу мекендештер!

Буюрса, бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу менен дал ушундай таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү завод Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында да курулмакчы. Бул багытта аталган компания менен инвенстициялык келишим түзүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Сөзүмдүн соңунда ушул сыяктуу алгылыктуу иш-аракеттер улантыларын, жаңы ишканаларды ачууга жана токтоп турган ишканаларыбызды жандандырууга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, инвесторлор тартыларын, натыйжада Кыргызстаныбыз сөзсүз өнүгөрүн баса белгилейм”,-деп белгиледи ал.