Ташкентте Кыргызстандын мугалимдери англис тилин окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөндү

Билим Загрузка... 24 Октябрь 2025 14:40
photo_24_6.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 24.10.25. /Кабар/.Өзбекстандын Мектепке чейинки жана мектеп билим берүү министрлиги Британия кеңеши менен биргеликте 20–23-октябрда Ташкент шаарындагы А. Авлоний атындагы Улуттук педагогикалык чеберчилик институтунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогикалык университеттеринин өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрдү.

Британия кеңешинин маалыматына караганда, Кыргызстан делегациясынын курамына Айнура Чокморова, Аида Ишенбаева, Гүлзада Дүйшебаева, Гүлнара Акунова, Асел Мамытова жана Анаркан Исаева кирди.

Төрт күндүк окутуу учурунда катышуучулар англис тили мугалимдерин даярдоонун негизги принциптерин (PRESETT) үйрөнүшүп, улуттук деңгээлде окутуу программаларын өркүндөтүү боюнча жаңы ыкмаларды өздөштүрүштү. Ар бир өлкө академиялык эксперттерден турган команда түзүп, PRESETT программасын жаңылоо жана өркүндөтүү боюнча биргелешкен ишти баштоого даяр экенин билдирди.

Сабактарды Улуу Британиянын Норвич тил окутуу институтунун эксперттери жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жүргүзүштү.

Эске салсак, Британия Кеңеши 2025-жылы «AELLCA — Борбор Азияда англис тилин окутууну тездетүү» программасынын алкагында аймактагы беш өлкөдө мугалимдерди даярдоо системасын жаңылоо боюнча стратегиялык талкууларды өткөргөн.

Маалымат үчүн: Британия кеңеши — Улуу Британиянын маданий байланыштар жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча эл аралык уюму. Уюм 200дөн ашык өлкөдө иш жүргүзүп, 100дөн ашуун мамлекетте өкүлчүлүктөрү бар. 2024–2025-жылдары анын жалпы аудиториясы 600 миллион адамды түзгөн.