Ташкентте кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Экономика Загрузка... 18 Апрель 2025 09:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.04.25. /Кабар/. Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов BMB HOLDING Байкоочу кеңешинин төрагасы Бекзод Маматкулов менен жолукту. Анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жолдору каралды. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар агроөнөр жай тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара пайдалуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстанда экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча зор мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленип, Өзбекстандын кайра иштетүү технологиялары жана логистикалык инфраструктурасы бул чөйрөдө биргелешкен ийгиликтерге жол ача турганы айтылды. Муну менен катар, эки тарап келечектүү экономикалык долбоорлорду ишке киргизүү жана биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү ниетин билдиришти.

Элчи Чотонов BMB HOLDING жетекчисин Кыргызстанга иш сапары менен келип, шарттарды жеринен көрүп чыгууга чакырды.

Жолугушуу ачык жана достук маанайда өтүп, тараптар мындай жолугушуулар эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

Маалымат үчүн: 2017-жылы негизделген BMB HOLDING – Өзбекстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан, айыл чарба, кайра иштетүү жана экспорт тармактарында кеңири тажрыйбасы бар көп тармактуу холдинг.