Ташкентте кыргыз акынынын ырлары өзбек тилинде жаңырды

Маданият Загрузка... 26 Ноябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.11.25. /Кабар/. Ташкент шаарындагы Алишер Навои атындагы Өзбекстандын Улуттук китепканасында кыргыз акыны Мелис Маматжановдун өзбек тилине которулган «Изсиз дунё» («Дарексиз дүйнө») аттуу ыр жыйнагынын бет ачары өттү. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирет.

Иш-чарада «Өзбекстан–Кыргызстан» Достук коомунун мүчөсү, Түрксой сыйлыгынын ээси, акын Шухрат Ориф бул бет ачарды эки элдин кылымарды карыткан достугу жана маданий алакаларынын жаңы этабындагы маанилүү окуя катары белгиледи.

«Өзбекстан–Кыргызстан» Достук коомунун төрагасы, филология илимдеринин кандидаты доцент Зухритдин Исамутдинов жыйнактын өзбек окурмандарына сунушталышын акыркы жылдардагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын туруктуу өнүгүп жатканын тастыктаган маданий көпүрө катары баалады.

Сөз сүйлөгөн Өзбекстан жазуучулар уюшмасын төрагасынын орунбасары Гайрат Мажид, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин атташеси Альбина Сүйналиева жана башкалар Маматжановдун поэзиясында Мекен, өмүр, сүйүү, балалык жана табият темалары терең көркөмдөп берилгенин баса белгилешти.

Ырларды Фахритдин Хайит өзбек тилине которгон. Жыйнак кыргыз, казак, өзбек жана түрк тилдеринде 2025-жылы «Таалим» басма үйүндө жарык көргөн.