Ташкент, 16.05.25. /Кабар/. Ташкентте Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын энергетика министри Еримбет Аккенжанов жана суу чарба жана ирригация министри Нариман Нуржигитов, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жана суу чарба министри Шавкат Хамраевдин катышуусу менен жумушчу жолугушуу өттү.
Анда жайкы мезгилде Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу-энергетикалык системаларынын туруктуу жана өз ара макулдашылган иштешин камсыз кылуу маселелери талкууланды. Тараптар суу ресурстарын пайдалануу жана энергетикалык тармактардын иш режимдерин алдын ала макулдашуу боюнча конкреттүү чараларды кабыл алышты.
Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун учурдагы абалы каралып, аймактагы суу-энергетикалык тең салмакты сактоо боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, кызматташтыкты улантуу жана координациялык жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча макулдашууга жетишилди.