"Таш-Рабатка" барбай туруңуз: Тарыхый комплекс реставрацияланууда

Аймак Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 16:45
767020158_2054657195149999_2781560074395400595_n.jpg
767334099_1053758880373098_3255790926101919466_n.jpg
767674519_1202622752056864_4447183910021006670_n.jpg
764661336_1725432492010193_4016395406462558290_n.jpg
763908116_1581943500056144_5399550242926253637_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. "Таш-Рабат" тарыхый-архитектуралык комплексинде оңдоо-реставрациялоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, туристтер үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иштер "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлүп, тарыхый эстеликтин сакталышын камсыздоого, конструкцияларын бекемдөөгө жана коопсуз пайдаланууга багытталган.

Реставрация иштери атайын технологиялар жана адистердин катышуусу менен этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин уланат.

Министрлик жарандарды, туристтик компанияларды жана экскурсоводдорду иштер аяктаганга чейин киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырды. Келгендер үчүн коопсуз шарттар түзүлгөндөн кийин комплекске баруу тартиби тууралуу кошумча маалымат берилет.