1990-жылдын декабрь айында Советтер Союзу юридикалык жактан бар болгону менен, иш жүзүндө 15 республика өзүнчө мамлекет курууга багыт ала баштаган. Ал эми союз экономикалык байланыштардын начарлашы жана социалдык көйгөйлөрдүн көбөйүшү сыяктуу маселелерден улам аксап турган. Көпчүлүк буга чейин чоң жана күчтүү болгон мамлекет урап жаткандыгын түшүнүп, эми артка кайтууга жол жок эле.
1990-жылдын 15-декабрында ошол кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Мамлекеттик суверенитет жөнүндөгү декларацияны” бекиткен. Тарыхый маанидеги бул документ 8 айдан кийин, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстанды жаңы көз карандысыз мамлекет катары жарыялоого мыйзамдык негиз түздү.
Ошол учурда Жамин Акималиев Жогорку Советтин депутаты болуп турган жана ал мезгилди эскерип жатып, чоң өзгөрүүлөрдү алдын ала сезгенин, көптөгөн республикаларда суверенитет парады башталганын айтат. Ал кезде айрымдар эйфория абалында болуп, баары эле келечектеги өзгөрүүлөрдүн масштабын жана геополитикалык кесепеттерин түшүнө алган эмес. СССР борбордук күчтөр тарабынан жараксыз абалга келген. Ал эми бул жаңы көз карандысыз мамлекеттердин түзүлүшү жаңы доордун башталышы болгон.
“1990-жылдын 15-декабрында суверендүү мамлекет жөнүндөгү декларацияны Жогорку Совет кабыл алып, биринчи президент бекиткен. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы расмий түрдө жарыяланып, анда өлкө бийлиги баарына үстөмдүк кылаары жана өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленген.
Кызыгы, ушул укуктук актылар СССР күчүндө кезинде эле ишке ашырылган. Себеби, элдин эркинин күчтүүлүгү жана тенденциялары ушундай болгон. Биз 1990-жылдын 15-декабрындагы декларацияда өлкөнүн бардык улуттары Кыргызстандын калкын түзөт жана бул эл өлкөнүн мамлекеттик бийлигинин жалгыз булагы болуп саналат деп жазганбыз”, – деп эскерет Жамин Акималиев.

Акималиев белгилегендей, аталган декларацияда мамлекеттин экономикалык жана саясий көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн депутаттардан, илимпоздордон жана бардык улуттардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүү деген абдан маанилүү пункт болгон. Бул топко Жамин Акималиев да кирген. Анын айтымында, ошол учурда жасалган иштер 1991-жылдын августунда маанилүү роль ойноп, ошол кезде Жогорку Совет “Легендарлуу парламент” болуп, Кыргызстанды көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган.
“Биз буга негиз катары 1990-жылдын 15-декабрындагы декларацияны кабыл алганбыз жана, албетте, башка демократиялык мамлекеттердин конституцияларынын тажрыйбасын эске алып, аны кеңейткенбиз. Ошентип, 1990-жылдын 15-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мамлекеттик суверенитет жөнүндөгү декларация Кыргызстанды юридикалык жактан көз карандысыз мамлекет деп атоонун түпкү негизи болуп калган”, – деп белгилейт Акималиев.
Бул маанилүү мезгилдин дагы бир түздөн-түз катышуучусу – “Легендарлуу парламенттин” депутаты Аликбек Жекшенкулов, биринчи декларацияда суверендүү мамлекет түзүү ниети белгиленгенин эскерип жатып: “1990-жылдын аягында көпчүлүк, негизинен жөнөкөй жарандар, СССР кандайдыр бир формада сакталып калат деп үмүттөнүшкөн. 1991-жылы Советтер Союзунун келечеги боюнча өткөрүлгөн референдумда калктын 90% өлкөнү сактап калууну колдогон. Бирок бул арада окуялар башка нукта өнүгө баштаган. Ал мезгил жүз миллиондогон адамдар үчүн өтө татаал, кыйын учур болгон эле. Жаңы мамлекеттер чоң өлкөнүн экономикалык урандыларынын негизинде түзүлүп жатты. Кыргызстан да ушул жолдон өткөн, ошондуктан бүгүнкү күндүн көз карашынан айрым маанилүү нерселерди так айтып, басым жасоого болот”, – деп эскерет.

Эми дээрлик 35 жылдан кийин “декабрь декларациясы” улуттук аң-сезимди күчтөндүрүүгө жана улуттук көз карандысыз мамлекетти түзүүгө жасалган дагы бир тарыхый кадам болгон деп айтууга болот”, – деп белгиледи Аликбек Жекшенкулов.
Тарыхчы жана саясатчы Зайнидин Курмановдун айтымында, 90-жылдары СССР кулай элек кезде көп нерсе түшүнүксүз, логикага сыйбаган жана күтүүсүз болгон. Коом да, саясатчылар да мындай окуяларга көбүнчө ойлонбостон, тез реакция кылышкан. Бирок дал ошол башаламан учурда тарыхтын багытын өзгөрткөн маанилүү чечимдер кабыл алынган.
“1990-жылы СССРди терең модернизацияланган формада сактап калуу варианты дагы бар болчу. Союзду АКШ тибиндегидей федеративдик түзүлүштө уюштуруу сунушталган, анда ар бир республика көбүрөк укуктарга жана эркиндиктерге ээ болуп, өз Конституциясы жана мыйзамдары болмок. Ошондуктан, эгемендүүлүк жөнүндө декларациянын кабыл алынышы өзүнүн бийлик жана башкаруу институттарын түзүү үчүн саясий-укуктук механизмдерди ишке киргизген.

Кийинчерек Москвада мамлекеттик төңкөрүш аракети болуп, анын артынан Беловеж келишими түзүлүп, Россия, Беларусь жана Украина иш жүзүндө СССРден бөлүнүп, эгемендигин жарыялашкан. Мунун баары союзду сактап калуу үмүтүн биротоло жокко чыгарды. Бул убакта Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларациясы даяр болгон жана өзүнүн бийлик институттарын, башкаруу органдарын түзүүгө даярдык көрүлгөндүктөн, биз 31-августта мамлекеттик көз карандысыздыкты жарыялоого даяр болчубуз. Ошентип, 1990-жылдын 15-декабрындагы декларация абдан маанилүү тарыхый миссияны аткарды”, – деп билдирди Зайнидин Курманов.
Чоң нерселер алыстан көрүнөт, ошондуктан эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү белгилегендей, убакыттын өтүшү менен көп жыл мурун болгон айрым окуялар кайрадан ойлонулуп, алардын мааниси тереңирек ачылууда.
Ошондуктан, 1990-жылдын 15-декабрындагы биринчи эгемендүүлүк жөнүндө декларация — тарыхый мааниси зор, өзгөчө документ. Анын кабыл алынганына 35 жыл өттү. Бул дагы жаңы Кыргызстандын азыркы мамлекеттүүлүгүнүн негиздеринин бири болуп саналат.