Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюму Танзаниядагы президенттик жана парламенттик шайлоолордон кийин массалык нааразычылык акциялары жана көптөгөн курмандыктар менен коштолгон ички саясий кырдаалдын кескин начарлашына терең тынчсыздануусун билдиришти.
Эл аралык агенттиктердин маалыматы боюнча, өлкө боюнча коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышууларда жүздөгөн адамдар каза болгон, AFP булактары каза болгондордун саны 700дөн 800гө чейин деп эсептешет.
Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас 2-ноябрда Европа Биримдиги "өлүмдөрдүн көптүгү тууралуу маалыматтарга өтө тынчсызданып жатканын" билдирип, Танзания бийлигин "адам өмүрүн сактап калуу үчүн максималдуу түрдө сабырдуулукту көрсөтүүгө" чакырды.
Европа Биримдиги кармалган бардык саясатчыларды бошотуу, ачык-айкын жана адилеттүү соттук териштирүүлөрдү жүргүзүү, уурдоо, дайынсыз жоголуу жана зомбулук учурларын кылдат иликтөө зарылдыгын баса белгиледи.
"Биз бийликти элдешүүгө жетишүү үчүн оппозиция жана жарандык коомду кошо алганда, бардык кызыкдар тараптар менен ачык жана инклюзивдүү диалогго чакырабыз", - деди Каллас.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш дагы каза болгондордун жана жаракат алгандардын көптүгү тууралуу маалыматтарга терең тынчсыздануусун билдирип, шашылыш иликтөө жүргүзүү жана жарандык укуктарды коргоо зарылдыгын баса белгиледи.
Расмий маалыматтарга ылайык, азыркы президент Самия Сулуху Хассан 97,66% добуш менен кайрадан шайланган. Шайлоого катышуудан четтетилген оппозициялык Чадема партиясы жыйынтыктарды таануудан баш тартып, аларды "демократиялык процессти шылдыңдоо" деп атады.
Жыйынтыктар жарыялангандан кийин, өлкө боюнча массалык нааразычылык акциялары башталып, кандуу кагылышууларга айланды. Оппозиция кеминде 800 адам каза болгонун ырастайт.
Апрель айынын башында Чадема партиясынын лидери Тунду Лиссу мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен камакка алынып, өлүм жазасына тартылган. Шайлоого чейин эле адам укугун коргоо уюмдары президент Сулуху Хассандын өкмөтүн "террор толкуну" жана оппозиция өкүлдөрүн системалуу түрдө уурдоо боюнча айыпташкан.
Танзаниянын президенти Самия Сулуху Хассан 2021-жылдан бери кызматта иштеп келет, ал маркум Жон Магуфулинин ордуна келген.