Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Күн мурун Танзаниянын түндүгүндөгү Килиманджаро аймагындагы Моши районунда эки автобус кагышып, кеминде 38 киши каза таап, 28 киши жарадар болду. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Килиманджаро аймактык комиссары Нурдин Бабунун маалыматына таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, каза болгондор Моши шаарындагы үйлөнүү үлпөт тоюна бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрү жана шаар тургундары болгон.
Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө автобустардын биринин алдыңкы дөңгөлөгү жарылып, өрт жанындагы унааны кошо каптагандан кийин болгон.
Нурдин Бабу жаракат алган 28 жүргүнчүнүн 22сине медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканадан чыгарылганын, дагы алтоо дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалаган.
Танзаниянын президенти Самия Сулуху Хасан күн мурун Килиманджаро аймактык комиссарына көңүл айтуу катын жолдоп, кырсыкка терең кайгыруу менен көңүл айткан.
“Жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин тилейм. Мен бардык транспорт каражаттарынын айдоочуларын жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоого жана милиция кызматкерлерин бул эрежелерди так аткарууну улантууга чакырам”,-деген өлкө башчы катында.