Таластын Бакыян айылында 50 орундуу бала бакча курулууда

Аймак Загрузка... 04 Ноябрь 2025 16:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. Талас облусуна караштуу Чыңгыз Айтматов районунун Бакыян айылында 50 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө имараттын пайдубалы толук гидроизоляцияланып, курулуштун киийнки баскычы баштылды.

Долбоорго ылайык, бала бакчанын имараты эки кабаттан турат, балдар үчүн заманбап бардык шарттар каралган.

Курулуш иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, бала бакчанын курулушу ушул жылдын сентябрында башталган. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.