Таластын Ак-Жар айылындагы мектептин курулушу жыл аягына чейин аяктайт

Аймак 16 октябрь 2025 11:45
563445880_1319893589609687_3638147328816934658_n.jpg
565195542_1319893632943016_8313653187070185097_n.jpg
565700718_1319893622943017_3845089594898757124_n.jpg
Алдыга
Артка
563445880_1319893589609687_3638147328816934658_n.jpg
565195542_1319893632943016_8313653187070185097_n.jpg
565700718_1319893622943017_3845089594898757124_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Талас районунун Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков мектебинин курулушу жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Жаңы мектеп 150 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен салынды. Башкы план боюнча билим уясы заманбап жабдуулар менен камсыздалат.

Объектин курулушу 2023-жылы башталган. Учурда курулуш иштери 62% аткарылды.