Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунун тургуну Рахматжан Сатыбалдиев эт багытындагы тоок чарбасын кеңейтүүнү пландоодо.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда ишкер 5 миңден ашуун жөжө багып жатат. Чарбаны өнүктүрүү үчүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жер бөлүү боюнча кайрылып, учурда жерди трансформациялоо иштери жүрүүдө.
"Долбоор ишке ашса, фермер тооктун санын 500 миң башка жеткирип, даяр продукцияны өзүнүн колбаса цехинде пайдаланууну көздөөдө. Ошондой эле ири ферма түзүлгөн учурда 500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.