Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова Талас шаарындагы мектепке жакын жайгашкан кургак учук ооруканасын башка жерге көчүрүү маселесин көтөрдү.
Ал белгилегендей, оорукана шаардын так борборунда жайгашкан жана борбордук канализацияга кошулган эмес.
"Оорукананын өзүнүн септиги бар. Андан 50 метр алыстыкта мектеп жайгашкан. Ошондой эле ал жерге жаңы мектеп куруу пландалууда. Оорукананын саркынды сууларын атайын машина менен сордуруп алып, биокөлмөгө төгүшөт. Ал эми тазалоочу жайлардан 500 метр алыстыкта 500гө жакын үй-бүлө жашаган "Жаштык" конушу жайгашкан. Алар 6 метр тереңдиктен алынган сууну ичишет", — деди депутат.