Таластагы мейманканалардын биринин имараты мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 12 Июнь 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Кабар 12.06.25 /Кабар/. Таластагы Kerben Palace мейманканасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объектилерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы аянты 0,52 га болгон Kerben Palace мейманканасы пайдаланып келген административдик имарат мамлекеттин балансына кайтарылды.

Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында, Талас облустук административдик соту тарабынан жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча Талас шаардык мэриясынын токтомун жараксыз деп табуу чечими чыгарылган. Буга байланыштуу Kerben Palace мейманканасынын өкүлдөрү КР жер мыйзамдарынын бузулушун моюнга алып, административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Таластагы бөлүмүнө арыз менен кайрылууну чечишкен.

Учурда административдик имарат Талас шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.