Минкаб төрагасы Таласта: Бир катар курулуштар текшерилди

Министрлер кабинети 1818 24 Июль 2026 14:30
6a631e82bdb8b.jpeg
6a631eae4df34.jpeg
6a631eacc96b9.jpeg
6a631eaca8946.jpeg
6a631eaa958bc.jpeg
6a631eaa7a63d.jpeg
6a631ea8eb8ee.jpeg
6a631ea7e2cc0.jpeg
6a631ea74fd64.jpeg
6a631ea529bee.jpeg
6a631ea3d5eba.jpeg
6a631ea10c38b.jpeg
6a631ea0598bf.jpeg
6a631e9d7eea9.jpeg
6a631e94edad5.jpeg
6a631e9072e03.jpeg
6a631e8fa88e8.jpeg
6a631e8285b96.jpeg
Алдыга
Артка
6a631e82bdb8b.jpeg
6a631eae4df34.jpeg
6a631eacc96b9.jpeg
6a631eaca8946.jpeg
6a631eaa958bc.jpeg
6a631eaa7a63d.jpeg
6a631ea8eb8ee.jpeg
6a631ea7e2cc0.jpeg
6a631ea74fd64.jpeg
6a631ea529bee.jpeg
6a631ea3d5eba.jpeg
6a631ea10c38b.jpeg
6a631ea0598bf.jpeg
6a631e9d7eea9.jpeg
6a631e94edad5.jpeg
6a631e9072e03.jpeg
6a631e8fa88e8.jpeg
6a631e8285b96.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар объектилердеги курулуш жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Айтматов Ааламы” тарыхый-мемориалдык комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул комплекс дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачыл мурасына арналган заманбап маданий-мемориалдык жай катары түзүлүүдө.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктундагы капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыгын карап чыкты. МинКаб Төрагасына аталган жайда жүргүзүлгөн инфраструктураны модернизациялоо иштери тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Адылбек Касымалиев Талас шаарындагы “Баластан” оюн-зоок борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышып, долбоорду ишке ашыруунун келечегин карап чыкты. Комплекс жалпысынан 6,5 гектар аянтты ээлейт. Долбоор тогуз имаратты камтыйт жана эс алуу менен көңүл ачуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүү караштырылган.

Сапардын жүрүшүндө минкаб төрагасы Талас шаарындагы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдордун иши менен таанышты. Бул ишканалардын иши аймактагы курулуш долбоорлорун ишке ашырууда зарыл материалдар менен камсыздоодо маанилүү роль ойноору жана аймактын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө салым кошору белгиленди. 

Объекттерге баргандан кийин Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин белгиленген мөөнөттөрүн сактоо, жумуштун сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жана объекттерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн өтө маанилүү. Социалдык объекттерди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландаштырылууда.