Таласта авариялык абалдагы мектептин ордуна жаңысы курулат

Аймак Загрузка... 15 Январь 2026 15:49
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Манас районундагы авариялык абалдагы бир катар мектептерди кыдырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, алгач министр Бала-Саруу орто мектебинин авариялык абалдагы имараты менен таанышып, жаңы мектеп куруу боюнча сунуш киргизүү тапшырмасын берди. Аталган мектеп 1957-жылы 220 орунга ылайыкталып курулуп, учурда анда 397 окуучу билим алууда.

Андан соң Догдуркүл Кендирбаева Кара-Арча, Покровка жана Исак Отунбаев атындагы орто мектептеринин абалы менен таанышты. Покровка мектебинде учурда 878 окуучу билим алса, Исак Отунбаев атындагы мектепте 180 окуучу окуйт.

Ошондой эле 1964-жылы курулган Манас орто мектебинин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экени белгиленди.