Таласта жаңы жумуш орундарынын саны жана айлык акы өстү

Экономика 11 сентябрь 2026 14:30
Таласта жаңы жумуш орундарынын саны жана айлык акы өстү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас облусунда жаңы жумуш орундарын түзүүдө өсүш байкалууда.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 2020-жылы облуста 1 миң 966 жаңы жумуш орду түзүлсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 миң 288ге жеткен.

"2025-жылы 8 миң 688 жаңы жумуш орду түзүлүп, 2026-жылдын январь-июнь айларында дагы 4 миң 374 жумуш орду пайда болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облуста эмгек акынын көлөмү да өскөн. 2020-жылы орточо айлык 16 миң 156 сом болсо, 2025-жылы 37 миң 99 сомго жеткен. 2026-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 50 миң 294 сомду түзгөн.