Таласта мамлекеттик университет үчүн жаңы имарат курулууда

Аймак 10 октябрь 2025 10:45
FB_IMG_1760067.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
FB_IMG_1760067_Y9ZqzAf.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
FB_IMG_1760067_EcS8URJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
FB_IMG_1760067_SybqrmM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек,10.10.25./Кабар/. Талас шаарында мамлекеттик жогорку окуу жай үчүн жаңы заманбап имарат салынып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарда билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ири долбоор башталды. Мамлекеттик жогорку окуу жай үчүн 300 миллион сомдук жаңы беш кабаттуу имарат курулууда.

Окуу корпусу №1 орто мектептин маңдайында, Нуржанов аллеясында салынып жатат жана 2026-жылдын июль айында пайдаланууга берилет.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарынын өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.