Таласта жамгырлатып сугаруу технологиялары колдонула баштады

Аймак Загрузка... 09 Июнь 2025 12:33
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Талас районунда жергиликтүү тургун сууну сарамжалдуу, пайдалануу боюнча сунуштун негизинде жамгырлатып сугаруу системасын орнотуп, төө буурчак талаасын иштетип жатат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул Талас районунда биринчилерден болуп орнотулган жамгырлатып сугаруу технологиясы болду. Ал үчүн 300 кубдук кыймылдаткыч Алматы шаарынан, ал эми түтүктөр Шымкенттен алып келинген.

Бул ыкма менен жергиликтүү тургун 1000 метр (500 метр жогору, кайра 500 метр төмөн) аралыктагы талаасын сугарып жатат. Суунун басымын трактордун жардамы менен камсыз кылышат. Бирок, аны кыймылдаткыч менен дагы иштетүүгө болот.

Дыйкандын айтымында, жамгырлатып сугаруу ыкмасы жергиликтүүлөр үчүн ыңгайлуу, сууну сарамжалдуу колдонууга шарт түзөт. Айтсак, 20 солго корой турган суу менен 60 солду кенен сугарып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Таласта апрель-май айларындагы жаан-чачын аз болгондугуна байланыштуу, өзөндөгү суулар кескин түрдө азайып, каналдарга толук сугат суу жетпегендигине байланыштуу 11-майдан тарта облус боюнча сууну которуштуруу (водооборот) ыкмасына өткөн.