Таласта заманбап перинаталдык борбор курулууда

Аймак Загрузка... 13 Март 2026 17:07
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Талас шаарында Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен заманбап перинаталдык борбордун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борбор заманбап медициналык жабдуулар менен толук камсыз болот жана аны 2027-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоордун алкагында кыргызстандык дарыгерлерди Германиядан окутуу жана тажрыйба алмашуу да каралган.

Мындан тышкары, Талас облусунда республикалык бюджеттин эсебинен дагы эки медициналык объекттин курулушу пландалууда:

  • Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 25 орундуу оорукана;
  • Бакай-Ата районунда 100 орундуу Жалпы дарыгердик практика борбору.