Таласта уруксаты жок салынган эс алуу борборуна 200 миң сом айып салынды

Аймак 06 Июль 2026 17:55
738335391_1531384985127212_5206387498867597808_n.jpg
739508970_1531384975127213_7093002544803181650_n.jpg
739616161_1531384961793881_5770547099847685098_n.jpg
740521820_1531384948460549_8906799000390307116_n.jpg
740544626_1531384941793883_1668107931912800323_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районунда жайгашкан “Маржан Апа” эс алуу борбору тийиштүү документтери жок, мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Сай айылындагы аталган объект шаар куруу жана архитектуралык корутундусу, ошондой эле бекитилген долбоордук документациясы жок иш алып барганы белгилүү болгон. Бул "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамын одоно бузуу болуп саналат.

Мыйзам бузуулардын жыйынтыгында жеке ишкер А. у. Б.га карата административдик чара көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле кемчиликтерди жоюу жана курулушту талапка ылайык келтирүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мамлекеттик орган аймактагы курулуш объектилерине көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.