Таласта өстүрүлгөн болгар калемпири Россия жана Казакстанга экспорттолууда

Экономика 2 сентябрь 2026 10:00
792863892_1598745495027885_3033696256241204561_n.jpg
790628188_1051796667644998_8165988594042201283_n.jpg
791641498_1097264742640261_7170597157772851081_n.jpg
791923098_1433320872011488_2672511023922849316_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунда болгар калемпиринин түшүмүн жыйноо иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл райондо Ласточка сортундагы калемпир 1 миң 350 гектар жерге эгилген.

"Учурда орточо түшүмдүүлүк гектарына 200-250 центнерди түзүүдө. Дыйкандар түшүмдү ички рынокко сатуу менен катар Россия жана Казакстанга экспорттоодо. Базарда болгар калемпиринин баасы сапатына жана көлөмүнө жараша орточо 40-45 сомду түзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Манас районунда болгар калемпирин өстүрүү акыркы жылдары экспортко багытталган айыл чарба продукциясынын маанилүү багыттарынын бирине айланды.