Таласта стратегиялык объекттердин коопсуздугу текшерилди

Аймак 22 октябрь 2025 17:50
569023945_839511365273382_1939345367366673822_n.jpg
568847943_839511398606712_7270873345838482524_n.jpg
569275669_839511575273361_1041201266482570794_n.jpg
570041198_839511518606700_2340645957486201868_n.jpg
570964051_839511685273350_8027820941263468100_n.jpg
Алдыга
Артка
569023945_839511365273382_1939345367366673822_n.jpg
568847943_839511398606712_7270873345838482524_n.jpg
569275669_839511575273361_1041201266482570794_n.jpg
570041198_839511518606700_2340645957486201868_n.jpg
570964051_839511685273350_8027820941263468100_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Бүгүн Талас облустук прокуратурасында президенттин өкүлү Эрмат Жумаевдин демилгеси жана катышуусунда терроризмге каршы багытталган координациялык жыйын өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн "Облус аймагындагы стратегиялык объектилерге мониторинг жүргүзүү жөнүндө" буйругунун негизинде жумушчу топтун курамы түзүлүп, облус аймагындагы стратегиялык маанилүү жана башка социалдык объектилердин террорго каршы коргонуусуна мониторингдин 2-этабы жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн биринчи этабында шаарлар менен райондордогу жарандык коргонуу үчүн курулган баш калкалоочу жайлар каралды. Натыйжада алардын көбү талапка жооп бербегени, абдан эскирип кеткендиги жана санитардык шарттары начар экени аныкталды.

Экинчи этапта ичүүчү суу менен камсыз кылуучу жайлар текшерилди. Көпчүлүк суу алуучу жана суу сактоочу жайларда видеокөзөмөл, түнкү жарык жана күзөт жок экени белгиленди. Киров суу сактагычы жакшы кайтарылат, бирок видеокөзөмөл жабдууларын жаңылоо зарыл.

Жумушчу топ объектилердин коопсуздугун күчөтүү, күзөт жана видеокөзөмөл орнотуу, ошондой эле кошумча каржылоо каражаттарын бөлүү боюнча сунуштарды берди.

Бул иштер облус аймагындагы стратегиялык жана социалдык объектилердин коопсуздугун жогорулатуу жана жарандардын жашоосуна коркунуч жараткан жагдайлардын алдын алууга багытталган.