Таласта соода борбор куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Аймак 9 февраль 2026 17:43
631172804_1410074963924882_294397463940145286_n.jpg
631700877_1410074980591547_5862075236443487085_n.jpg
630563645_1410075007258211_9022649671478199313_n.jpg
630833537_1410075027258209_1967274660131127725_n.jpg
631863287_1410074953924883_5923049446945165175_n.jpg
632292679_1410075017258210_8444423974566315643_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Талас облусунда курулуш объекттеринин сапатына пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Анын жүрүшүндө Талас шаарынын О.Турдалиев көчөсү 183а дарегинде курулуп жаткан соода борбору жана мейманканын курулушунда коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды. Ошондой эле аталган курулуш объектисинде техникалык регламенттердин сакталбагандыгы белгилүү болду.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Алтын Казык Курулуш Кей Джи" ЖЧКсына карата мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.