Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Талас шаарында муниципалдык жана иш аткаруучу уюмдардын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Ага Талас шаары жана Айтматов, Бакай-Ата, Манас, Талас райондорунун, ошондой эле, курулуш иштерин алып барып жаткан иш аткаруучу уюмдардын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун алкагында жолдорду тротуарларды жана көрктөндүрүү объектилерин оңдоодо иштин сапатын камсыздоо жана аткаруу мөөнөттөрүн сактоо, эмгек маданияты жана жумушчулардын ишмердүүлүгү боюнча негизги маселелер талкууланды.
Өзгөчө иш аткаруучу уюмдардын жана муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнө иш процесстерин үзгүлтүксүз уюштурууга, жумушчулардын сапаттуу ишмердүүлүгүнө жана коомчулукка белгилүү болгон курулуш объектилерин тартипке келтирүү боюнча көбүрөөк көңүл буруу керектиги айтылды.
Ошондой эле жыйында муниципалдык кызматкерлер арасында коррупция темасы да көтөрүлдү. Катышуучуларга курулуш иш-чараларынын бардык этаптарында, тактап айтканда, иш кагаздарды ачык-айкын түзүүдөн баштап курулуш объектилерин кабыл алууга чейин жоопкерчиликтүү мамиле кылуу тууралуу милдеттендирилди.
Мындан тышкары, мөөнөтү өтүп кеткен, сапаты туура келбеген жана муниципалдык ишкана же мекеме менен подряддык уюмдар ортосунда жашыруун, мыйзамсыз макулдашуулар жана башка коррупциялык укук бузуулар аныкталса, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилди.