Таласта пластик баштыктардан баш тартуу кампаниясы башталды

Аймак Загрузка... 15 Октябрь 2025 18:11
114304_BGYLCZ4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Талас шаарында пластик баштыктардан баш тартуу кампаниясы башталды.

Мэриядан билдиришкендей, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында пластик колдонууга чектөө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул багытта мамлекеттик органдар тамак-ашты кагаз же башка экологиялык таза таңгактарда сатууну сунушташат.

Пластик материалдардын ордуна кайра иштетүүгө жана жаратылышка зыян келтирбеген альтернатива каражаттарды колдонуу — айлана-чөйрөнү коргоого жана келечек муундарга таза экология калтырууга өбөлгө болот.