Таласта облус башчысынын балаты майрамына 400 бала катышты

Аймак 23 декабрь 2025 11:43
5354897373219457972.jpg
5354897373219457959.jpg
5354897373219457977.jpg
5354897373219457976.jpg
5354897373219457975.jpg
5354897373219457974.jpg
5354897373219457973.jpg
5354897373219457969.jpg
5354897373219457966.jpg
5354897373219457965.jpg
5354897373219457964.jpg
5354897373219457963.jpg
5354897373219457962.jpg
5354897373219457961.jpg
5354897373219457960.jpg
5354897373219457958.jpg
Алдыга
Артка
5354897373219457972.jpg
5354897373219457959.jpg
5354897373219457977.jpg
5354897373219457976.jpg
5354897373219457975.jpg
5354897373219457974.jpg
5354897373219457973.jpg
5354897373219457969.jpg
5354897373219457966.jpg
5354897373219457965.jpg
5354897373219457964.jpg
5354897373219457963.jpg
5354897373219457962.jpg
5354897373219457961.jpg
5354897373219457960.jpg
5354897373219457958.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин демилгеси менен балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага облус аймагындагы окуудагы алдыңкы жетишкендиктери менен айырмаланган окуучулар, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган, ошондой эле өзгөчө муктаждыктары бар жалпы 400 бала чакырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эрмат Жумаев балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, билим алууда ийгиликтерди жана бактылуу балалык каалады.

Балдарга облустук драма театрынын артисттери тарабынан "Үйдө жалгыз" киносунун театрлаштырылган спектакли көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда 400 балага атайын белектер тапшырылды.