Китепкана, фонтан жана Wi-Fi зонасы: Таласта жаңыланган аллея ачылат

Аймак 194 18 Август 2026 09:05
copyright icon Эрмат Жумаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Талас шаарындагы К.Нуржанов атындагы аллея толугу менен жаңыланып, заманбап эс алуу жайына айланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, аллея президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана тапшырмасынын негизинде жаңыланууда.

"Учурда К.Нуржанов аллеясы Талас шаарындагы көрктүү аймактардын бирине айланып, жергиликтүү тургундар, шаар коноктору жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Аллеянын аймагында бутиктер, китепкана, эс алуу жайлары, спорттук жана воркаут аянтчалары, Wi-Fi зонасы, фонтан жана башка заманбап шарттар каралган",- деди ал.

Мындан тышкары, Жумаев аллеяда жайгашкан турак үйлөрдүн жана соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшү жаңыланып, жаңы парктын архитектуралык стилине ылайык иретке келтирилип жатканын кошумчалады.

Белгиленгендей, жаңыланган эс алуу жайы Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын алкагында 2026-жылдын 11-12-сентябрында президенттин катышуусунда расмий ачылары күтүлүүдө.