Таласта минералдык суу чыгаруучу завод ачылды

Аймак Загрузка... 29 Декабрь 2025 09:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Талас облусундагы Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз олуя айылында жайгашкан “Беш-Таш–Кайыңды” минералдык суу чыгаруучу кичи заводу ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза минералдык суу менен камсыздоого багытталган. Ошондой эле ишкананын ишке кириши менен жаңы жумуш орундарын түзүлүүдө.

Кичи завод заманбап технологиялар жана эл аралык стандарттарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, саатына 1000 даана бөтөлкө суу чыгара алат. Өндүрүштө сапаттык бардык талаптар сакталат.

“Беш-Таш–Кайыңды” минералдык суу чыгаруучу кичи заводунун ишке берилиши Талас облусунун өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.