Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери жогорку темп менен уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуш жүрүп жаткан объектилердин абалы менен жеринен таанышты.
Иш сапардын алкагында подрядчы компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлүп, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана долбоордук талаптарды толук аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Аталган долбоорлор Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, туризмдин жанданышына жана улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган. Айрыкча “Манас Ордо” комплекси кыргыз элинин улуу руханий мурасын даңазалаган ыйык жай катары жаңыча өң-түскө ээ болмокчу. Ал эми “Баластан” оюн-зоок борбору балдардын эс алуусу жана өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды түзөт.
Эске салсак, 2025-жылдын 13-ноябрында президент Садыр Жапаровдун Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган объектилердин курулушу үчүн мезгил кутусу салынган.