Таласта «Ласточка» калемпиринен 20 тоннадан ашык түшүм жыйналары күтүлүүдө

Аймак Загрузка... 01 Сентябрь 2025 11:00
c8d00889d4d991e4fe13ea9b920e88b9.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Таласта «Ласточка» сортундагы болгар калемпиринен 20 тоннадан ашык түшүм алышууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Талас облусунун, Манас районунун, Семетей айылында дыйкандар айыл чарбасын колдоо максатында ишке ашып жаткан «3+2» пилоттук долбоорунун алкагында 5 гектар жерге «Ласточка» сортундагы болгар калемпирин айдашкан. Өсүмдүктүн өсүшү жакшы болуп, зыянкечтер жана оорулар катталган эмес.

Натыйжада быйыл орто эсеп менен 20 тоннадан ашык түшүм жыйноо күтүлүүдө. Бул сорттун өзгөчөлүгү – түшүмдүүлүгү жогору, даамы сапаттуу жана сакталуу мөөнөтү узак.

Эскерте кетсек, өткөн жылы дал ушул сорттон алынган түшүмдүн баасы килограммына 25 сомдон сатылып, дыйкандарга туруктуу киреше алып келген.

Белгилей кетсек, быйылкы түшүм да ички рынок менен чектелбестен, Россия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү коңшу өлкөлөргө экспорттолору күтүлүүдө.