Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Таласта "Орозалы" күрөөканасы мурда мыйзамсыз тартып алынган кыймылсыз мүлктөрдү жарандарга ыктыярдуу түрдө кайтарып берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мыйзамсыз алынган мүлктөр УКМК жана башка тиешелүү кызматтардын текшерүүсүнөн кийин кайтарылган.
Тактап айтканда, мурунку ээси С.У.У. (карыз алуучу) Талас районунда жайгашкан турак үйүн кайра алды. Ушул сыяктуу 10 жаранга мурда күрөө катары өткөрүлгөн кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтери кайтарылып берилди.
Мындан тышкары, күрөөкананын жетекчилиги 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жылдык 30 пайыздан жогору мыйзамсыз эсептелген ашыкча пайыздарды карыз алуучуларга кайтарып берүүгө даяр экендигин билдирди. Жарандар маселелерди мыйзамда белгиленген тартипте жөнгө салуу үчүн кайрыла алышат.