Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Таласта коомдук транспорттордун техникалык абалы жана коопсуздугу текшерилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Текшерүү жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Анын жүрүшүндө төмөнкү багыттарга көңүл бурулду:
Техникалык абал — жүргүнчү ташуучу унаалардын тормоз системасынын иштеши, жарык берүү жана сигнал берүү шаймандары, дөңгөлөктөрдүн абалы, рулдук башкаруу жана башка маанилүү техникалык жабдуулар текшерилди. Иштен чыккан же кооптуу абалдагы унаалар дароо каттамдан чыгарылып, айдоочуларга эскертүүлөр берилип, айыптар салынды.
Каттам боюнча жүрүү тартиби — коомдук транспорттордун белгиленген график жана маршрут боюнча жүрүүсү, токтоочу жайларды туура пайдалануу маселелери көзөмөлдөндү. Каттамдан четтеген айдоочуларга тийиштүү чаралар көрүлдү.
Кыш мезгилине даярдык — алдыдагы суук күндөргө байланыштуу унаалардын жылуулук системалары, кышкы дөңгөлөктөр жана башка кышкы жабдуулары текшерилди.
Жол кыймылынын коопсуздук эрежелеринин сакталышы — жүргүнчү ташуучу айдоочулардын ылдамдыкты сакташы, жол белгилерине көңүл бурушу, коопсуз айдоо маданияты өзгөчө көзөмөлгө алынды.
"Текшерүүнүн алкагында бир катар мыйзам бузуу учурлары аныкталып, алар боюнча протоколдор түзүлдү. Ошондой эле айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу ар дайым биринчи орунда турушу керектиги эскертилди",-деп айтылат маалыматта.