Таласта көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери толук аяктады

Аймак 3 ноябрь 2025 12:20
photo_5192856125517725062_y.jpg
photo_5192856125517725066_y.jpg
photo_5193187993345720486_y.jpg
photo_5192856125517725071_y.jpg
photo_5192856125517725060_y.jpg
photo_5192856125517725059_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5192856125517725062_y.jpg
photo_5192856125517725066_y.jpg
photo_5193187993345720486_y.jpg
photo_5192856125517725071_y.jpg
photo_5192856125517725060_y.jpg
photo_5192856125517725059_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Таласта көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери 100 пайызга аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иштер Талас электр тармактар ишканасынын Көмөк чордон кызматы тарабынан аткарылды.

Атап айтканда, 35 кВ жана андан жогору чыңалуудагы көмөк чордондордо жалпы 30 даана электр жабдык капиталдык оңдоодон, ал эми 1 608 даана жабдык техникалык тейлөөдөн өттү.

Капиталдык курулуш (КС) кызматы аркылуу 35/10 кВ "Беш-Таш", "Бейшеке", жана "Конезавод" көмөк чордондорунда ОДКЗ-35 үлгүсүндөгү эски жабдыктар заманбап ваакумдук блочтуу өчүргүчтөргө (выключатель блочного типа) алмаштырылды.

Ошондой эле 500/220/10 кВ "Төлөбердиева" көмөк чордонунда релейдик коргоо панелдерин модернизациялоо иштери уланууда. Бул жумуштар авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана электр энергиясынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында аткарылууда.

Талас ЭТИ алдыда да электр жабдууларын жаңыртуу, коопсуздук талаптарын сактоо жана үзгүлтүксүз энергия камсыздоону камсыз кылуу багытында иштерин уланта берет.