Быйыл президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнү белгиленүүчү Талас облусунда бир катар социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Жаңы ишканалар
Анын айтымында, облуста алгачкы жолу айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар курулуп жатат. Тактап айтканда, бир завод жашылча-жемиштерди кайра иштетүү менен алектенсе, экинчиси төө бурчакты тазалоо жана таңгактоо ишин жүргүзөт.

Турак жай жана шаардык инфратүзүм
Аймакта инфратүзүмдү өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоонун сапатын жакшыртуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканы белгиленди. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 10 даана беш кабаттуу үйдүн курулушу аяктап калды, ошондой эле дагы 5 көп батирлүү үй курулууда. Мындан тышкары, "Хан-Теңири" кичи районунда 9 кабаттуу турак үйлөрдү куруу пландалууда. Талас шаарында курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жаңы объектилер, ошондой эле парктар жана скверлер пайда болууда. Жумаев белгилегендей, курулуш иштери белгиленген графиктен алдыда баратат.

"Манас Ордо" комплексин реконструкциялоо
Ыйгарым укуктуу өкүл Талас облусун өнүктүрүү концепциясынын экинчи фазасынын алкагында "Манас Ордо" комплекси реконструкцияланып жатканын билдирди. Ошондой эле "Чыңгыз Ааламы" долбоору, "Баластан" борбору жана "Беш-Таш" эс алуу зонасы ишке ашырылууда.
Бекитилген долбоордун жалпы баасы 5,15 млрд сомду түзөт.
"Бул сумманын ичинен 1,2 млрд сому инфратүзүмү толугу менен жаңыланып жаткан "Манас" улуттук комплексине багытталган. Мындай масштабдуу иштер комплекс 1995-жылы курулгандан бери жүргүзүлө элек болчу", — деди ал.
Реконструкциялоонун алкагында зыяратчылар үчүн тийиштүү объектилерди куруу пландалууда (анткени бул жерде жыл сайын 4 миңге жакын курмандык чалынат). Долбоордо мейманкана, жаңы административдик корпус, галерея, кафе жана ресторандар, коттедждик шаарча куруу каралган. Мындан тышкары, 2,5 миң кишиге ылайыкталган трибуна жана ат оюндары үчүн жаңы стадион курулат.
Музейдин аянты мурда 400 чарчы метрди түзсө, эми 1200 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Ошондой эле ал заманбап санариптик жабдыктар менен жабдылып, анын жардамы менен келүүчүлөр 6-7 мүнөттүн ичинде Манастын толук өмүр баяны менен тааныша алышат.

Туризм жана жаңы объектилер
Эрмат Жумаев белгилегендей, дагы бир ири долбоор "Баластан" балдарды өнүктүрүү борбору. Ал өзүнүн инфратүзүмү бар кичи шаарча болот. Ага кошуна өлкөлөрдөн да коноктор келери күтүлүүдө. Ошондой эле аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган "Чыңгыз Ааламы" долбоору жана "Беш-Таш" эс алуу зонасы ишке ашырылууда.
Билим берүү
Мындан тышкары, учурда Талас шаарында "Акылман" лицейи курулууда. Бул аймакты квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууга багытталган президенттик билим берүү мекемеси.