Таласта дээрлик жарым метрге жеткен кар түштү. Кырдаал көзөмөлдө

Аймак Загрузка... 13 Февраль 2026 18:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Талас облусунун Манас районуна 40 сантиметр калыңдыктагы кар түштү.

“Кабар” агенттигине аталган райондун акиминин биринчи орун басары Руслан Жээнбеков билдиргендей, учурда Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, райондун аймагындагы жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө.

“Техникалар түнү менен жолду тазалашты. Азыр да иштер уланууда. Үч айыл өкмөттөгү бардык техникалар да тартылып, ички жолдорду тазалоого иштери жүргүзүлүүдө. Жолдор жабылган жок, унаалар жүрүп жатат. Электр энергиясынын жапырт өчүрүүлөрү катталган жок. Арал айылында гана бир учур болуп, энергетиктер кайра оңдоп беришти. Социалдык объекттер калың кардын кесепетинен зыянга учураган жок. Кээ бир үйлөрдүн бастырмалары, тал-теректер сынган учурлар болду”, - деди Руслан Жээнбеков.

WhatsApp Image 2026-02-13 at 15.27.19.jpeg