Таласта стратегиялык мааниге ээ 4 га жер мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 07 Октябрь 2025 18:02
1.png
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Талас облусунда Казакстан менен чектеш аймакта стратегиялык мааниге ээ болгон жер мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жер атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларынын алкагында кайтарылды.

Мамлекетке алынган жердин жалпы аянты 4 гектарды түзөт.