Таласта чакан ГЭСтер комплексинин курулушуна капсула салынды

Аймак 03 Апрель 2026 16:55
JAN_1423.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
JAN_1226.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
JAN_0997.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
JAN_1069.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
JAN_0977.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
JAN_1423.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
JAN_1226.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
JAN_0997.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
JAN_1069.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
JAN_0977.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Талас облусунда “Жерүй” чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу “Альянс Алтын” компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорду “Альянс Гидро” ЖЧКсы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, “Альянс Алтын” компаниясы жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын катышуусунда ишке ашырууда.

“Жерүй” комплекси жалпы кубаттуулугу 24 МВтка чейин жеткен, жылына болжол менен 80 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрө турган бир нече деривациялык чакан ГЭСтен турат. Долбоор Кыргызстанда өндүрүштүк ишкананын муктаждыктары үчүн курулуп жаткан жалгыз ГЭС болуп саналганы менен өзгөчөлөнөт.

“Биз жаңы "Жерүй" чакан ГЭСинин Чоң-Чычкан жана Түз-Ашуу дарыяларында курулушу башталган маанилүү жана көп жагынан тарыхый окуяга күбө болуп жатабыз. Бул жөн гана курулуш иштеринин башталышы эмес. Бул биздин аймакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, өнүгүү энергиясын жана эртеңки күнгө болгон ишенимди алып келе турган чоң жолдун башталышы”, – деди “Альянс Гидро” компаниясынын директору Бакыт Молдоюсупов.

“Жерүй” чакан ГЭСтер комплексине салынуучу инвестициянын көлөмү 39,2 млн АКШ долларына жетет. Бардык иштердин цикли болжол менен эки жылга созулат.

Курулушту каржылоо Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана “Альянс Алтын” ЖЧКнын каражаттарынын эсебинен камсыздалууда. Долбоорду ишке ашырууга Кыргызстан жана Европадан келген компанияларды камтыган эл аралык подрядчылар консорциуму тартылган.