Таласта борбордук сейил бактын курулушу 80%га аяктады

Аймак 27 Апрель 2026 11:15
681227839_1413351877485555_7065665970907177033_n.jpg
680003213_1413352034152206_8218011621400228225_n.jpg
680974073_1413351930818883_1262667757417503935_n.jpg
681415383_1413351974152212_2756329617181798377_n.jpg
681995959_1413351894152220_6117570891603113863_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Талас шаардык мэриясы

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Талас шаарында жаңы борбордук сейил бактын курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Башкы планга ылайык, сейил бактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Анда 8 аттракцион, заманбап оргума, жашыл эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү иштери каралган.

Учурда долбоордун алкагында эс алуу аймактары, аттракциондор жана заманбап инфратүзүмдөр курулуп жатат. Иштердин басымдуу бөлүгү аяктап, тышкы жарыктандыруу орнотулууда.

Жаңы сейил бак ишке берилгенден кийин шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу жайына айланат.