Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. 25-27-июлда Таласта "Мурастуу жол – ата-бабалардын издүү жолу" аталышындагы алгачкы туристтик жөө жүрүш өттү.
Иш-чара президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, ага 100гө жакын тоо сүйүүчү катышты.
Үч күнгө созулган жөө саякат Талас кырка тоосунун түндүк капталындагы кол тийбеген, кооз маршруттар менен өтүп, катышуучуларга тарыхый жана жаратылыш баалуулуктарын сезүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.
Ага Франция, Бельгия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, блогерлер, журналисттер жана Талас облусунун жетекчилиги да активдүү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – Талас облусунун туристтик мүмкүнчүлүгүн таанытуу, жаңы жөө маршруттарды иштеп чыгып, эл аралык жана ички туристтерди тартуу болуп саналат.
Облус башчысы Эрмат Жумаев бул демилгени көтөргөн тарыхчы жана тоо сүйүүчү Гамал Сооронкуловго, "Дестинация Талас" уюмуна жана каржылык колдоо көргөзгөн "Альянс Алтын" өнуктуруу фондуна ыраазычылык билдирди.
"Таластын табияты өзгөчө – кооз капчыгайлар, бийик тоолор, тунук көлдөр жана жаратылыштын жан дүйнөнү жандандырган керемети бар. Бул маршруттар изилденип, туристтик компанияларга сунушталса Таластын туристтик агымы кескин жогорулайт", — деди ал.
Жөө жүрүш Батыш Теңир-Тоонун капчыгайларын, ашууларын, тоо дарыяларын, ошондой эле жапайы жаныбарлардын жана сейрек кездешкен өсүмдүктөрдүн табигый дүйнөсүн камтыды. Бул саякат катышуучуларга жаңы тажрыйба, руханий жаңылануу жана жаратылыш менен эриш-аркак болуунун өзгөчө мүмкүнчүлүгүн тартуулады.
Маалымат үчүн: Жөө жүрүш жыл сайын өткөрүлүүчү туристтик салтка айланары күтүлүүдө. Таластын бай тарыхы жана жаратылышы өлкөнүн ички жана эларалык туризмин өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратары шексиз.