Таласта бала бакча жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды

Аймак 3 октябрь 2025 10:00
talas-town.webp
558849185_1122817510037300_8573442734247356073_n.jpg
Алдыга
Артка
talas-town.webp
558849185_1122817510037300_8573442734247356073_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 03.10.25 /Кабар/. Таласта бала бакча жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Семетей айылында жайгашкан эски №5 бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон 0,35 га жер тилкеси 1993-1994-жылдары мыйзам талаптарын бузуу жолу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Жыйынтыгында наркы 5,8 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.