Таласта аткезчилик менен ташылып келе жаткан 6 тонна тоок эти аныкталды

Аймак 6 август 2025 16:13
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.50.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.51.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.50 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.49 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 06.59.49 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Талас облусунун аймагында аткезчилик жолу менен киргизилген жүк аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын алкагында ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерден Кыргызстанга мыйзамсыз тооктун тоңдурулган этин киргизүүгө аракет жасаган факты аныкталган.

Тактап айтканда, 3-августта Талас облусунун "Чоң-Капка-автожол" көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда 1985-жылы туулган КР жараны Б.М.М. башкаруусунда "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа токтогулган. Аны тинтүү учурунда Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып кирип келе жаткан, болжолдуу баасы 2 млн 470 миң сомду түзгөн 6 тонна тооктун тондурулган эти жана башка фабрикаттар табылган.

Учурда тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн жана аткезчилик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоого багыттылган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.