Бишкек, 30.09.25 /Кабар. Таласта ата-энесинен ажыраган балдарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районунун прокуратурасы тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк укуктары боюнча мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу багытында жүргүзүлгөн иштердин алкагында, 16 жаштагы эки томолой жетим баланын турак жайы жок экендиги жана мыйзамда белгиленген тартипте турак жай менен камсыз болбогондугу аныкталды.
Натыйжада эки балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.