Таласта асыл тукум мал чарбасы өнүгүп, эт жана сүт өндүрүшү кеңейүүдө

Аймак Загрузка... 22 Март 2026 11:55
2.jpg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Талас районунун Беш-Таш айыл аймагындагы "Ботиков Марс" асыл тукум чарбасына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул чарба айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган туруктуу бизнес-долбоор болуп саналат.

Ишкана асыл тукум мал өстүрүү менен алектенип, эт жана сүт өндүрүшүн бирге өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзүүдө.

Берилген маалыматка ылайык, учурда чарбада 70 баш ангус породасындагы эт багытындагы уй жана 31 баш голштейн породасындагы сүт багытындагы уй багылууда. Бул породалар жогорку продуктивдүүлүгү менен айырмаланып, сапаттуу эт жана сүт өндүрүүгө шарт түзөт.

3