Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Таласта жаңы аскер комиссариатынын имаратынын пайдубалына капсула салынды.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы объекттин курулушуна мамлекет тарабынан 80 млн сомго жакын каражат каралган.
Учурдагы аскер комиссариатынын имараты 1927-жылы курулган. Жаңы имарат заманбап инфраструктура менен жабдылып, жарандарды тейлөөгө ыңгайлуу шарт түзөт.
Объектти 2027-жылдын IV кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.